Манас" эпосу менен Орхон-Энесай жазма эстеликтеринин, Байыркы
Nurdin Useev:
“Манас” эпосу менен Орхон-Энесай жазма эстеликтеринин, Байыркы түрк маданиятынын ортосунда өтө кызык окшоштуктар бар.
Мисалы, Орхон-Энесай жазма эстеликтеринде күмбөз барк деген сөз менен берилип, бул сөз азыр “Манас” эпосунда гана сакталып калган:
Атакемдин өлүгүн
Киргизем деп барыкка,
Кабар салып барбасын,
Караңгы менен жарыкка.
Зөөкүрлүк кылбай тим көмсүн,
Сөөгүмдү көмсүн баркы жок.
Манастын сөөгү байыркы түрк-кыргыз каадасына ылайык тоонун бооруна казылган үңкүргө көмүлгөн.
Монголиянын Жаргалант-Хайыркан деген жериндеги бир тоодогу үңкүрдөн байыркы түрк мүрзөсү табылган. Мына ушул мүрзөдөн бооруна байыркы түрк жазуусу менен жазылган байыркы түрк комузу/домбурасы табылган. Демек байыркы түрк элдери мүрзөгө комуз/домбура да коюшкан.
Кызыгы “Манас” эпосунун бир вариантында да Манастын мүрзөсүнө домбура/комуз коюлган:
Жалгызымдын күмбөзүн,
өзүм билип салдырам,
Алыстан уста алдырам,
Тышын кызыл сырдатып,
Домбурача комузду,
Төрүнө коём черттирип.
Мүмкүн бул жөн гана дал келүү. Бирок менимче – бул “Манас” эпосунун байыркы түрк-кыргыз доорунда калыптанып, ошол доорду чагылдырган эпос болгондугуна байланыштуу.

